www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Былтыр 17-майда тышкы башкаруу киргизилгенден бери 220 млн доллар таза киреше таптык. Башкысы – Кумтөрдү Кыргызстанга алдык", - деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чоң-Алай районунун кайра түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракесине арналган иш-чарада.
Жапаров өз сөзүндө 30 жылдын ичинде 33 өкмөт башчы, 5 президент алмашкандыгын айтты.
"Акыркы 15 жылдан бери саясий толкундар менен катаклизмден арылбай келдик. Президент Садыр Жапаровдун келиши менен баары өзгөрүүдө. Башкысы – Кумтөрдү Кыргызстанга алдык. Былтыр 17-майда тышкы башкаруу киргизилгенден бери 220 млн доллар таза киреше таптык. Алтындын бардык запастарына өзүбүз ээлик кылабыз! Кумтөр мындан ары Кыргызстандыкы болду. Бул – баарыбыздын күткөн жеңишибиз!", - деди ал.
Белгилей кетсек, президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы 29-июлда Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өткөнүн билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын элчилигинин аймагында тараптардын эл аралык юридикалык өкүлдөрүнүн жана эскроу-агенттин катышуусунда Кыргызстандын Улуу Британиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Улан Жусуповго юридикалык документтердин толук пакети, анын ичинде “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” компанияларынын акцияларынын 100%ын «Кыргызалтын» ААКтын пайдасына менчик укугунун толук өтүшүн каттоо үчүн өткөрүп берүү актылары, ишеним каттары жана күбөлүктөр тапшырылды.
Жетишилген келишим төмөнкү пункттарды камтыйт:
Булак: NazarNews.kg