www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор Азиянын ээликкен мамлекеттердин биринде аялдарга унаанын алдыңкы орундуктарына отурууга тыюу салынды. Ашхабадда аялдар унаанын арткы орундуктарына гана отура алышат. Айдоочунун жанында рулда аялдын атасы, агасы же күйөөсү болсо да, анын жанына отурууга тыюу салынды. Ошол эле учурда арткы орундукта бир эле учурда эки гана жүргүнчү боло алат. Үчүнчү жүргүнчүнүн отуруусуна эмне себептен тыюу салынганы тактала элек.

Ошондой эле жаңы эрежелерди киргизүүнү ким демилгелегени белгисиз. «Turkmen.news» МА билдиргендей, мындай тыюу салуулар Балканабадда да, Түркмөнбашыда да жок. Бирок Түркмөнстанда кыймыл эрежелери боюнча аялдарды басмырлоо биринчи жолу болуп жаткан жок.

Полиция 2017-жылдын аягында рулда аялдар отурган унааларды токтото баштап, айдоочуларга кийинки жолкусунда айып пул салынаары эскертилген.

Кийинчерээк аялдардын айдоочулук күбөлүктөрү да алына баштаган. Президенттин эжесинин унаалары чек арада текшерилбейт. Тыюу салынган белгилер менен Борбор Азияда бир караандар жүрөт. Түркмөнстандан Өзбекстанга өтүп бараткан жана кайра келаткан автомобилдер “текшерүүгө тыюу салынган” деген президенттин эжеси Гүлнабат Довлетова кол койгон белгини тагып алып жүрүшөт.

Бул кол койгон белгиде президенттин эжеси жетектеген Кызыл Жарым ай Улуттук коомунун мөөрү басылып турат. Арийне, бул фуралардын бул коомго тиешеси жок экенин маалыматтарда айтылып жатат. Төрт оор жүк тарткан автомобилдер Өзбекстан менен Түркмөнстандын ортосунда түркмөнстандык “Фараб-автожол” жана өзбекстандык “Алат-автожол” чек ара постторун кесип дайыма каттап турат.

Түркмөнстандык Улуттук Коопсуздук министрлигине бул унаалар эмнелерди ташып жатканы табышмак бойдон. Бул белгисиздикке сүңгүп кирген Улуттук Коопсуздук министрлигинин офицерлери Түркмөнстанга кирген соң бул машиналарды полициялар коштоп алат.

Түркмөнстандык бажычылардын айтымында түркмөнстандык Улуттук Коопсуздук министрлигинин атайын өкүлдөрү “Фараб-автожол” чек ара пунктунан өткөн ар бир унааны кылдаат текшериши керек.

Арийне, бул автомашиналарга алар жолоп да коюшпайт. Бир жаңы бажычы буларды текшерип көрүүнү чечти эле, кызматынан төмөндөп башка жакка кетти.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости