www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Каныкей табылды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Милициянын билдирүүсүнө караганда, 25-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан Каныкей Жакшыбаеванын ата-энеси ошол эле күнү болжол менен саат 04:00дө кызы Жалал-Абад облусундагы үйүнө келгендигин кабарлаган.

Белгилей кетсек, Ленин райондук милициясына 29-июлда И.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 25-июлда саат 17:00дөр чамасында 13 жаштагы тууганы Каныкей Жакшыбаева Жалал-Абад облусундагы үйүнөн чыккан бойдон кайра кайтып келбегенин билдирген.

Ошондой эле, издөө иштеринин жүрүшүндө Каныкей Жакшыбаева 26-июлда Бишкектин Турусбеков көчөсүндөгү мейманканага эки күндүк жашоосун төлөп, 27-июлда саат 14:30да ал жерден чыккан бойдон белгисиз болуп жаткандыгы аныкталган. Учурда милиция окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости