www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаары борбор болгондуктан, элдин карым–катнашынын чордону. Бишкекти жаап койсо кыргыз эли эки буту жок текөөргө айланат. Коронавируска шылтоолоп Абылгазиевдин өкмөтү Бишкекти эки–үч ай жапты, эл канчалык кыжырланса да, буга чыдады. Ушул кыжыр өкмөткө агытылып, Абылгазиевдин тамтыракайы чыкты. Арийне, жаңыдан колу иш менен ашка жеткенде коронавирустун пайдасын көрүп, бекер акча менен өсүп–өнүгүп жаткан Балбак Түлөбаев Бишкекти кайра жабууга даярдана баштады. Көрсө, карантин жок Балбак Түлөбаевдин капчыгына акча түшпөй калса керек. Өзүнүн чоңдору эмгек өргүүгө чыгышса, Бишкекти жаап коюп, чет мамлекеттен карантин деп шылтоолоп жеп турса, кандай рахат!
Ал эми эл эмне болот? Балбакенин бал-бал жанган көздөрү транспортту токтотуп койсок, эл эмне болот эле, жатат да деп жанып жатат. Эл деген сел, эл деген капастагы арстан. Кокустан эл капастан чыгып кетсе, анын алдын ким тосот? Балбак Түлөбаевби? Эки-үч ай камалып жаткан эл ачуу кыжырын Абылгазиевден чыгарды. Эми кайрадан транспортторду токтотуп коюп эле, элди камап салса болобу? Азыр интернет ар бир үйдө бар. Үйдө камалып жаткан эл кимге чабуул жасары белгилүү. Азыр эки-үйдүн биринде транспорт бар, аларга минсе Кыргызстанга оор кырдаал түзүлүп калбайбы? Ошон үчүн Балбак мырза “Эсиң барда, этегиңди жап!”
Эл менен ойнобой ар бир инсанга мамиле жасаш керек. Ким маска тагынбай жана башка санитардык эрежелерди бузса, өз айыбын өзү төлөсүн. Кежир инсандын капчыгын кагып койсо, мамлекетке да пайда. Ал эми иштеп жаткандар иштей беришсин.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg