www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын тургуну Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан эки бөлмөлүү үйүн таштандыга толтуруп салган. "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери айтылган жерге барып, батирдин ичи таштандыга толуп калганын көрүшкөн. Ал жакта ажаткана жок болгондуктан, аял үйүн ажаткана катары колдоно берген.

Билдирмеге ылайык, эки бөлмөгө болжол менен беш тонна таштанды үйүлүп калган.

"Шаар тургундары коңшусуна нааразы болуп мэрияга кайрылып, анын үйүнөн чыккан жагымсыз жыт башка батирлер менен подъездге чейин жетип жатканын айтышкан. Антисанитариядан улам таракан, курт-кумурскалар көбөйүп кеткен. Ал эми кошуна аял эшигин ачпай, эч ким менен сүйлөшпөй койгон", — деп жазылган билдирмеде.

Маалым болгондой, "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери айтылган жерге барып, батирдин ичи таштандыга толуп калганын көрүшкөн. Батирде ажаткана жок болгондуктан, аял үйүн ажаткана катары колдоно берген.

"Азыр таштандыларды алып чыгып жатышат. Үйдү толугу менен тазалаш үчүн 10 рейс жасаш керек. Жеринде милиция кызматкерлери да иштөөдө", — деп айтылат маалыматта.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, эки жыл мурда ушул эле батирден бир нече тонна таштанды чыгарылган. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости