www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бийликтеги төбөлдөр ооздорунан түшүрбөй мисал кылгандай, Бишкек шаарынын тургундары 30 жылдын ичинде быйылкы жылдагыдай жүдөбөсө керек.
Дегенибиз, шаардын бир катар аймактары жуунганга, ал түгүл ичкенге суусу жок калышты. Көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар дааратканага бара албай кыйналышты. Мындай кордук пенсионер мэр Эмилбек Абдыкадыровдун тушунда болуп жатат.
Суу маселеси жайлата чечилбейт өңдөнөт. Улам бир аймакта көйгөй. Мына буга чейин Бишкектин Октябрь районунун Арча-Бешик, Ленин районунун Ак-Ордо конуштарында суу көйгөйү кыйнаса, эми болсо 11-13-июль күндөрү Свердлов, Бирнчи май райондорунун бир нече аймактарында суу берүү токтойт экен. Себеби, күз-кыш мезгилине даярдык жүрүп, "Көк-Жар" суу көлмөсүн тазалоо, оңдоо иштери жүрөт экен.
Какаганга муштаган болуп, суу эле эмес свет дагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу деген шылтоо менен улам бир аймакта атайын график аркылуу өчүрүлүп жатат.
Себеби, жөнөкөй. Быйыл Токтогул суу сактагычында суу өтө аз. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл дээрлик 2 миллиард кубга төмөн. Мурда кышка карата суунун деңгээли жок дегенде 14 миллиардга жетсе, быйыл араң 12 миллиард топтоло турганы маалымдалды. Андыктан, азыртадан үнөмдөө аракеттери көрүлүүдө. Кышында бир нече сааттап свет өчөөрү айдан ачык болуп турат.
Бийлик бул маселени жаап-жашырбастан элге ачык айтып, кышка даярдык көрүү жагын түшүндүрүүгө тийиш эле. Бирок, эмнегедир билмексен... Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат дегенди эске албагандар, кышында наалатка калышпаса болду.
Өзгөчө, Бишкектиктерди жайында суусуз калтырган, шалдырап иштегенге энергиясы калбай калган абышка мэр кышында суукка тоңдурбаса болду...
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес
Булак: NazarNews.kg