www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 160,2 миллиард сомду түзүп, коюлган пландан 12,3 миллиард сомго көп түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, акчанын басымдуу бөлүгү салыктан чогулган.
Бюджеттик киреше 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 38,2 миллиард сомго көбөйгөн.
Каражат каяктан чогулду:
Салыктык киреше — 69,5 миллиард сом;
Бажы төлөмдөрү — 48,8 миллиард сом;
Салыктык эмес түшүүлөр (атайын эсептерди эске алуу менен) — 35,3 миллиард сом;
Расмий трансферттер — 6,5 миллиард сом.
Булак: NazarNews.kg