www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бишкек суу канал" муниципалдык ишканасы шаардыктарга ичүүчү таза суу менен үйдүн алдындагы бакчаларды сугарууга, килем, унаа жууганга жана жерге чачканга тыюу салынганын эскертти.

Бирок суу эсептегич орнотулган үй ээлери саат 00:00дөн 05:00гө чейин сууну колдонсо болот.

"Жайында шаар четиндеги конуштарда суу негизинен бакчаны сугаруу, бассейнди толтуруу деген себептер менен беш эсе көп колдонулат. Мындан улам суунун таңсыктыгы жаралат. Көйгөй жер үйдө жашаган тургундардын суу эсептегич орнотпой, сууну сарамжалсыз колдонгонунан улам өрчүп жатат. Учурда жер тамда жашагандардын 2,6 пайызы гана суу эсептегич орноткон", — деп айтылат маалыматта.

"Бишкек суу канал" ишканасы конуштарда жашаган бишкектиктерге кайрылып, суу эсептегичти орнотууну өтүнөт. Эрежеге баш ийбеген жарандарга текшерүү учурунда айып пул салынарын эскертти.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости