www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министрлиги балдарды 1-Июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өтө турган салтанаттуу иш-чараларга чакырат.

Мекеме билдиргендей, аталган күнү өтө турган программалар "Улуттун жаркын келечеги" деп аталат. Иш-чаранын программасында балдар үчүн 50дөн ашык мастер-класстар жана оюндар камтылган.

"Иш-чара балдардын укугу жөнүндөгү Конвенциясын аткаруу, Кыргызстандын президентинин "Инсанды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгын жана концепциясын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлөт", — деп айтылат министрликтин маалыматында.Убактысы: 2024-жылдын 1-июну, саат 9:30дан 13:00гө чейин.

Салтанаттуу иш-чаралар өтө турган жай: "Сейтек" улуттук балдардын жана өспүрүмдөрдүн борбору, Эмен паркы.

Байланыш: Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Уметалиева.

Телефон номери: +996 554 445 566.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости