www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, музыкант, пианист жана кинорежиссер Эмил Атагелдиев рак оорусуна чалдыгып, операция жасатууга муктаж. Ал үчүн 50 миң доллар керектелүүдө. Бул тууралуу белгилүү искусство ишмерлери, анын ичинде режиссерлор Актыкпай Сүйүндүков, Асанкожо Айтикеев, актер Болот Тентимишов жана башкалар кайрылуу жасады.

Атагелдиевге 3-4-стадиядагы онкологиялык оору (остеосаркома) деген диагноз коюлган. Учурда ал өз алдынча баса албайт. Анын абалы оор болгондуктан операцияны тез арада жасоо керек. Операцияны Кыргызстанда өткөрүүгө мүмкүн болбогондуктан, аны чет жерде жасатуу зарыл. Ал үчүн 50 миң доллар топтоо керек.

Искусство ишмерлери кайдыгер карабаган жарандарды таланттуу кинорежиссердун операциясына акча чогултууга колдон келген жардамын берүүнү суранат. Ошондой эле президент Садыр Жапаровго, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге, маданият министри Алтынбек Максүтовго кайрылып, Эмил Атагелдиевге жардам көрсөтүү маселесин чечип берүүсүн суранышат.

Эмил Атагелдиев 1976-жылы туулган. Ал Кыргызстандын атынан пианисттер арасындагы бир катар эл аралык сынактарга катышып, биринчи орундарды ээлеп жүргөн. «Көл», «Курак» сыяктуу тасмалардын режиссеру.

Жардар берүү үчүн даректер:

«МБанк» 0551 250 558 Азиз К.

«МБанк» Visa 4177490161015765

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости