www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн менин кат куржунума Баткенден көздүн жашын агыза турган кубанычтуу сүрөттөр келди. Сүрөттөгү оюнчукту Бишкектен 5-класстын окуучу кызы Телегей Баткенге жөнөткөн. Бүгүн дарегин тааптыр. Биздин жаштар ушундай тарбия менен чоңойсо өлкөбүз эч качан артка кетпейт, чөгөлөбөйт! Мындай билдирүүнү активист Бекжан Шыгаев Фейсбуктагы баракчасында жазып, Бишкек шаарынын кичинекей тургунунун катын тиркеген.
Телегейдин каты:
"Салам!
Менин атым Телегей.
Мен Бишкек шаарындагы №71 мектебинин 5-"Г" классында окуйм. Билгин, Сен ким болсоң да биз сени жакшы көрөбүз жана ошондой эле үй-бүлөбүз менен колдойбуз. Мен сени колдой турганымды билгизип өзүмдүн жакшы көргөн оюнчугумду берем.
Буюрса баары жакшы болот!", - деп жазылган катта.
Булак: NazarNews.kg