www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн,1-сентябрда, Бишкектин айрым бөлүктөрүндө электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан маалымдашты.

Бул күнү уюмдун бригадасы трансформатордук подстанцияларды оңдоп, жабдууларын алмаштырган өңдүү бир катар иштерди жасамакчы.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

09:00-11:00 — Айни, Жаманбаев, Худайбергенов жана Токтоналиев көчөсүндө;

09:00-13:00 —Жибек-Жолу проспекти жана Үсөнбаев көчөсүндө;

09:00-17:00 —Патриса Лумумба көчөсү (№108 үй);

09:00-18:00 — Чуйков, Шевченко жана Бөкөнбаев көчөлөрү, ошондой эле Арча-Бешик (Бердибаев, Ойсул-Ата жана Шералиев көчөсү) жана Ак-Ордо (Каркыра көчөсү) конуштарында;

09:30-18:00 — Ак-Өргө (Ак шоокум жана Ашар көчөлөрү) жаңы конушунда;

09:30-19:00 — Ереван, Бухара, Набережная көчөсү менен Чүй проспектисинде, ошондой эле Көк-Жар (Молдокулов, Достоевский, Чар, Кулмурзаев жана Арстанбап көчөлөрү) жаңы конушунда;

10:00-18:00 — Алтын-Ордо жаңы конушунда;

13:00-17:00 — Крым, Хвойный, Хмельницкий жана Дордой көчөлөрүндө;

14:00-17:00 — Жамбыл, Баялинов, Урицкий жана Осипенко көчөлөрүндө;

14:00-18:00 — Мурас ордо жаңы конушунда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости