www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең, 24-декабрда, саат 10:00дөн 22:00гө чейин Бишкек шаарындагы айрым аймактарда турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттык сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, өчүрүү төмөнкү аймактарды камтыйт:

Айчүрөк ЦУМу, «Берен Голд» соода борбору, Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, «Кабар» улуттук маалымат агенттиги, Борбордук шайлоо комиссиясы, Шопоков көчөсү, 98а темир жол тилкеси, Фонтан аймагы, ошондой эле Италиянын ардактуу консулдугу.

Ичүүчү суунун берилиши жер алдындагы өтмөк аркылуу өтүүчү жаңы суу линиясынын кайра туташтырылышына байланыштуу токтотулат.

«Бишкек суу канал»  мамлекеттик ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана уюмдардан жана шаар тургундарынан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Последние новости