www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 29-сентябрында Бишкектин айрым аймактарында саат 09:00дөн 20:00гө чейин ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, суу берүү «Тоголок Молдо» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында жүргүзүлө турган оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу токтотулат.
Суу төмөнкү аймакта өчүрүлөт:
* Панфилов көчөсү;
* Чыңгыз Айтматов проспектиси;
* Фрунзе көчөсү;
* Темир жол линиясы менен чектеш аймак.
Чектөө аталган аймактагы турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле социалдык-тиричилик жана өндүрүш объектилерине тиешелүү.
Муниципалдык ишкана шаар тургундарынан жана уюмдардан алдын ала жетиштүү көлөмдө ичүүчү суу камдап алууну өтүнөт. Ошондой эле жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирүүлөрдү «Менин шаарым» («Мой город») тиркемеси аркылуу алууга болот.