www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз футзалынын өнүгүшү жөнүндө сөз болгондо Медетбек Букуевдин эмгегин өзгөчө белгилөө зарыл. Анын демилгеси жана талыкпас аракети менен футзал өлкөбүздө кеңири жайылып, элдик спортко айланды. Мындай пикирин Кубан Атабеков Фейсбук баракчасында билдирди.
Бул макалада анын спортко кошкон салымы, уюштуруучулук дарамети жана коомдук ишмердиги тууралуу автордун жеке байкоолору менен эскерүүлөрү баяндалат.
"2003-жылы декабрь айларында, КТРда “1200 секунд спорт тууралуу” спорттук берүүнү жергиликтүү спорт жаңылыктары менен толтуруу үчүн, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтө турган футзал мелдешине барып калдык. Спорттун бул түрү жаңыдан гана кулачын жайып жаткандыктан, канчалык бүйүр кызытаары өзүмө дагы кызык болбой койгон жок. Келсек, эки аянтчада баш айланткан ылдамдыкта кичине жумалак топту кубалашкан оюнчулар оюндун шаңын чыгара күйөрмандарды түп көтөрүп жатышыптыр. Айрым учурда ортодон оюн эрежеси жыдый түшкөндө жааттардын тарапташтары жаалданышып калыстарды жаалап да жиберип жатышты. Ошондой учурда, ортого шыңга бойлуу, чап жаак, жарашыктуу мурутчан, жашы элүүгө чыга элек мырза чыга келип, саамга түшүндүрүү ишин жүргүзөөрү менен кызууланган көпчүлүк кынына кире орундарына ашыга отуруп калып жатышты.
Ошентип финалдык оюн жыйынтыкталып, сөз алган баягы бейтааныш адам жеңүүчүлөрдү куттуктап, өз кезегинде чемпионат жобосун бузган ошол кездеги эң бай делген футзал клубун мелдештен чыгарып салгандыгын жар салды. Чемпионат жаңыдан түптөлүп жатса, капчыктуу делген клубду тартынбай жазалоо ал кезде ойго келгис иштердин бири болуп эсептелээри да айныксыз.
Мелдештин мыкты оюнчусунан, андан соң дароо ошол борбордук чордонго айланган мырзадан интервью алууга жетиштим. Интервью берген Медет Букуев, КРнын Футзал ассоциациясынын президенти экенин ошондо билгеним бар.
Кийин уксам, Медет агай көп жылдар бою Москванын “Торпедо” футболдук клубунда даярдык иштеринен өтүп, учурда жергебизге футзал спортун алгачкылардан жайылтуунун үстүндө алпурушуп жатканын аңдай алдым. Союз урагандан кийин, баскетбол, гандбол деген спортттун түрлөрү белгилүү себептерден улам өп-чап болуп калган маалда, бул боштукту Медетбек Букуев футзал спорту менен ийгиликтүү толтура алды десек жаңылышпайбыз. Анын үстүнөн калкынын саны өсүп баштаган борбор шаарыбызга, көпчүлүктү өзүнө тарткан, ишканалардын эмгек жамаатын бириктирген, массалык мүнөздөгү спорттун түрү абадай эле керек болуп турган.
Көз карашы ыраакты караган, жашоонун күрөө тамырын туя билген, ар ишке талдоо салуусу мыкты, уюштуруу аракети күч Медетбек мырзанын коомчулукка сунуштаган спорттук продуктусу (футзал) кийинчерээк көпчүлүктү оп тартып кетээрин, ал кишиден башкасы элестете да албасак керек эле. Болбосо 90-жылдары жаштардын көпчүлүгү спорттук оюндар эмей эле, спорттун жекеме-жеке түрлөрүн көбүрөөк тандашып, жыйынтыгы коомчулук кыйла агрессивдүү болуп калгандыгын азыр тана албайбыз.
Кийинчерээк, теледе жана радиодо уюштурган спорттук берүүлөргө Медетбек агайды чакырып турдук. Адегенде орусчасы мыктыраак болгон М.Букуев жылдар менен кошо кыргыз тилинде кызыктуу маек гана курбастан, көөнө сөздөр менен берүүлөрдү кызытып тургандыгын белгилебей койо албайбыз. Өзгөчө футбол тууралуу аналитикалык талдоолору карап турган ышкыбоздорду кайдыгер калтырчу эмес.
Уюштуруучулук сапаттарын бири катары, 1998-жылы уюштурган футзал боюнча “Наристе” мелдешин баса белгилеп, жылдан жылга өсүп-өнүп, кезинде КРнын Президентинин кубогу, учурда жалпы КРнын Минкабынын катышуусундагы элдик мелдешке айлангандыгы талашсыз.
Эң эле маанилүүсү, спорттун артынан түшүп жүргөн ышкыбоз катары айтып кетсем, Медетбек Букуев түптөгөн футзал боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы Азия чемпионатында коло байгени багынтууга жетишкендиги. Себеби, спорттук оюндардын командалык түрүнөн азыркыга чейин бул жааттагы йгилигибиз, жападан жалгыз экендигин эч кайда ката албайбыз.
Ириде кандай гана спорттун түрлөрү жайылтылбасын, коомго массалык түрдө алынуусу шарт, анан гана барып жогорку чеберчиликтеги жыйынтыктар күтүлөөрү бар. Учурда мейли айыл-апада болобу, же шаар жергесиндеби түгөл баарысында тең футзал ойнолбогон жерибиз дээрлик жокко эсе. Кыймыл, коомчулуктардагы өз ара бейформал баарлашуу, инсандардын социалдашуусу жана негизгиси элибиздин ден-соолугуна болгон оң таасири ченемсиз. Бул жагынан Медетбек Букуев агайыбызга терең ыраазычылык. Бул жетишкендикке Медетбек агайдын атасы Омош аксакалдын да салымы өлчөөсүз деп билебиз.
Ал эми М. Букуевдин жеке салымы тууралуу кеп кыла турган болсок, уулу Нурдин Букуев Даңк медалынын ээси, футзал боюнча ФИФАнын калысы, төрт дүйнөлүк чемпионатта калыстык кылган алгачкы калыс катары Гиннестин рекорддор китебине кирип, өлкөбүздүн намысына жарап берген мырзалардын бири болду. Учурда Нурдин мырза КРнын Футзал ассоциациясынын президенти. Кийинки уулу Нурбек Букуев медицина тармагында илимдин кандидаты, спорттун чебери, учурда докторлугун жактоого даярданып турган кези. Ошондой эле М. Букуевдин небереси да футзал боюнча КРнын улуттук курамасынын мүчөсү экендигин белгилеп койгонубуз ашыктык кылбайт.
Борбор шаарыбызда, көпчүлүгүбүздө балдарыбызга караганда өзүбүз кыргыз тилинде алда канча мыкты экенибиз анык. Ал эми Букуевдерде мен билгени тетирисинче, балдары атасынан ашса ашаар бирок кем калышпайт. Бул көрүнүш мен интеллигентмин деген кыргыз аттуулардын арасында тил боюнча чоң бир көйгөй экени да ырас.
М.Букуевдин коомдук-саясий иштерге өз баасын берип, өлкөбүз өйдө-төмөн абалда турганда кайдыгер болбой, аксакалдык кебин айтып, акыйкаттыкты жандаганы үчүн бир чоң облустун Аксакалдар кеңешинин төрагасы болуп шайлангандыгы айкын.
Жакында эле Медетбек Омошевич Букуев 3-даражадагы “Манас” ордени менен сыйлангандыгын уктук. Кут болсун. Болгону кеч болсо да сыйлык ээсин акыры тааптыр. Менимче Медетбек агайдын мындан да маанилүү эң башкы сыйлыгы бар. Ал Кыргыз футзалынын жүзү болуп калгандыгы окшобойбу…", деп жазган Атабеков.