www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында суу түтүк тармактарында оңдоо иштерине байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт.
Маалыматка ылайык, эртең, 23-июнда саат 09:00дөн 18:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык объектилерде суу берүү токтотулат.
Өчүрүү төмөнкү аймактарды камтыйт: Достоевский көчөсү — Анкара көчөсү — Ауэзов көчөсү — темир жол линиясы менен чектелген аймак, ошондой эле Алтын Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы конуштары.
Өчүрүү “Бишкек суу канал” ишканасы тарабынан суу резервуарларында жана шаардык суу түтүк системасында жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу экени айтылды.
Ишкана тургундардан алдын ала ичүүчү сууну камдап алууну өтүнүп, ыңгайсыздык үчүн кечирим сурады.