www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматы тарабынан М. Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык мектеп-интернатында өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышы боюнча пландуу текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө мекемеде өрт коопсуздугуна байланышкан бир катар бузуулар аныкталды.
Натыйжада, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 143-беренесине ылайык мекемеге 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, мекеменин жетекчилигине аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилип, өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.