www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-июнда соттук отурум башталар алдында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун жактоочусу Латыпбек Нуралимов иштин алкагында болжол менен 90 күбө суракка алынарын билдирди.

Анын айтымында, күбөлөрдүн саны көп болгондуктан соттук териштирүү бир топ убакытка созулуп, акыркы чечимди чыгаруу да кечеңдеши мүмкүн.

Эске салсак, кылмыш иши коомчулукта «75чилердин каты» деген ат менен белгилүү болгон кайрылууга байланыштуу козголгон. Тергөө органдарынын версиясы боюнча, анда бийликти алмаштырууга чакырык белгилери болгон.

Иш боюнча айыпталуучулардын арасында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу жана бир катар мурдагы саясатчылар бар.

Аларга «бийликти күч менен басып алууга даярдануу» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айып тагылган.

Последние новости