www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Ички аскерлеринде кадрдык дайындоолор болду

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринде кызматтык ишмердүүлүктү өркүндөтүү максатында кадрдык дайындоолор болду.

Буйрукка ылайык, полковник Рыскелди Байтиков Ички аскерлердин кол башчысынын орун басары – штаб башчысы кызматына дайындалды. Ал буга чейин 7702 аскер бөлүгүнүн командири болуп иштеп келген.

Ошондой эле полковник Улан Боколеев 7706 аскер бөлүгүнүн командири кызматына дайындалды. Ал дайындалганга чейин Ыкчам уюштуруу башкармалыгынын орун басары – күжүрмөн кызмат жана ыкчам талдоо бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.

Мындан тышкары, подполковник Эркин Кишибаев 7702 аскер бөлүгүнүн командири болуп дайындалды. Ал буга чейин 7707 аскер бөлүгүндө командирдин материалдык-техникалык камсыздоо боюнча орун басары болуп иштеп келген.

Ички аскерлерден билдиришкендей, жаңы дайындоолор кызматтык тажрыйбаны жана уюштуруучулук жөндөмдү эске алуу менен жүргүзүлүп, аскер бөлүктөрдүн күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга жана кызматтык милдеттерди сапаттуу аткарууга өбөлгө түзөт.

Последние новости