www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2026-жылдын 19–21-июнунда Баткен, Ош жана Талас облустарында катталган сел кырсыктарынан кийин жабыркаган аймактарда санитардык-эпидемиологиялык абалга туруктуу мониторинг жүргүзүүдө.

Маалыматка ылайык, жабыркаган калктуу конуштарда санитардык-эпидемиологиялык кызматтар тарабынан профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чаралар уюштурулуп, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле ичүүчү суунун сапатына лабораториялык көзөмөл жүргүзүлүп, алынган үлгүлөр изилдөөгө жөнөтүлдү.

Кошумчалай кетсек, калк арасында санитардык-агартуу иштери жүргүзүлүп, жугуштуу оорулардын чыгуу коркунучтары бааланууда. Ош облусунда үймө-үй кыдыруу жана сурамжылоолор да өткөрүлдү. Алдын ала жыйынтыктар боюнча жугуштуу оорулардын учурлары жана эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашын көрсөткөн белгилер аныкталган жок.

Баткен жана Талас облустарында санитардык кызматтар жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте суу булактарынын жана калктуу конуштардын абалына мониторингди улантууда.

Министрлик тарабынан селден жабыркаган аймактарда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлүп, калктын саламаттыгына мүмкүн болгон коркунучтарды алдын алуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

21-июнга карата эпидемиологиялык абал туруктуу бойдон калууда, жугуштуу оорулардын топтолгон учурлары катталган жок.

Последние новости