www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы айрым аймактарда электр тармагындагы авариялык кырдаалга байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулду.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, 10-июлда саат 09:00 чамасында ХБО суу топтомосунда электр жабдууларына байланыштуу өзгөчө кырдаал катталган.

Учурда суу берүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта убактылуу чектелди: Чыгыш ЧЧК – Анкара көчөсү – Кыдыр-Аке көчөсү – Оберон көчөсү – Лев Толстой көчөсү – Аламүдүн суусу – М. Горький көчөсү – 7-апрель көчөсү – Чыгыш ЧЧК.

Адистер авариянын себептерин аныктап, кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүп жатышат.

Оңдоо иштери маалында суу топтомосунун электр энергиясы толугу менен өчүрүлөт, анткени насостук жабдуулар электр энергиясы менен иштейт.

Ишкана тургундарга ичүүчү сууну атайын унаалар менен жеткирүү уюштуруларын билдирди.

Калыбына келтирүү иштери тууралуу кошумча маалымат берилет.

Последние новости