www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Press TV телеканалынын маалыматына ылайык, Иранда жана Иракта Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи менен коштошуу зыйнатына ондогон миллиондогон адам катышты.

Бул тарыхтагы эң масштабдуу тажиянын бири катары бааланууда.

Телеканалдын билдиришинче, аза күтүү иш-чараларына жалпысынан 43 миллионго жакын адам катышкан.

Press TV бул көрсөткүчтү «дүйнө тарыхындагы эң масштабдуу жүрүш» деп атады.

9-июлда Ирандын жогорку лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу жана жерге берүү зыйнаты анын туулган шаары Мешхедде аяктады. Анын сөөгү Имам Резанын мавзолейине коюлду.

28-февралда АКШ менен Израилдин соккуларынын натыйжасында каза болгон Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу иш-чаралары 3-июлда Тегеранда башталган. Аза күтүү аземине кеминде 100 өлкөдөн келген жогорку деңгээлдеги делегациялар катышкан.

4–5-июль күндөрү аятолланын сөөгү Тегерандагы эң ири диний жана коомдук комплекстердин бири болгон “Мосаллада”  коюлуп, эл менен коштошуу уюштурулган.

6-июлда Тегерандын негизги көчөлөрү аркылуу аза күтүү жүрүшү өтүп, андан кийин сөөгү Ирандын башкы диний борбору болгон Кум шаарына жеткирилген. 7-июлда Кум шаарында да аза күтүү аземдери өткөрүлгөн.

Ошол эле күнү кечинде Али Хаменеинин сөөгү Иракка жөнөтүлүп, ал жерде жергиликтүү тургундар үчүн Нажаф жана Кербела шаарларында өзүнчө коштошуу аземдери уюштурулду. Маркумдун сөөгү Мешхедге таң эрте алып келинмек, бирок коштошууга келген адамдардын санынын көптүгүнөн иш-чаралар созулуп, маркумдун сөөгү Иранга түштөн кийин учак менен алып келинди.

Последние новости