www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы бардык керектөөчүлөр ысык суу менен толук камсыздалды. Учурда ысык суу штаттык режимде берилип жатканын “Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, айрым үйлөрдө же батирлерде ысык суунун жок болушу үйдүн ичиндеги ысык жана муздак суу системаларынын ортосундагы агымдын бузулушуна байланыштуу болушу мүмкүн.

Ишкана шаар тургундарын суу жылыткычтарын туура өчүрүлгөнүн жана сантехникалык жабдууларынын жарактуулугун текшерүүгө чакырды. Анткени туура эмес өчүрүлгөн бир эле суу ысыткыч бүтүндөй үйдөгү ысык суунун айлануусуна таасир этиши ыктымал.

Көйгөйлөр жаралган учурда тургундар кызмат көрсөтүүчү компанияларга, турак жай ээлеринин шериктештиктерине же “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасына кайрыла алышат.
Байланыш номерлери: — Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: (0312) 61-11-69, 1980, 0557 611166, 0777 611166, 0701 611166; — Диспетчердик кызмат: 56-85-58; — Борбордук аймак боюнча нөөмөтчү инженерлер: 36-57-19, 30-07-67; — Түштүк аймак боюнча нөөмөтчү инженерлер: 51-06-22, 21-74-06.

 

 

Последние новости