www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте 22 жаштагы велосипедченди жеңил унаа сүзүп, ал окуя болгон жерде каза болду. Бул тууралуу Кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 4-август күнү саат 19:20 чамасында Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.
Алдын ала маалымат боюнча, 1996-жылы туулган айдоочу Mercedes-Benz 320 үлгүсүндөгү унаасы менен Абдрахманов көчөсү аркылуу түштүк багытты көздөй бара жаткан. Ошол учурда 22 жаштагы велосипедчен жөө адамдар өтүүчү өтмөккө жетпей жолду кесип өтүүгө аракет кылып, унаа менен кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен велосипедчен алган оор жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Учурда бул факты боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүп, жол кырсыгынын бардык жагдайлары такталууда.