www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүлүктө шахта урап, чет элдик жаран каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, урандылардын алдында эки жумушчу калып калган. Окуя болгон жерге 24 куткаруучу тартылган.

Алдын ала маалымат боюнча, шахтанын 50 метр тереңдигинде төрт тирөөч кулап, болжол менен 30 куб метр тоо тектери урап түшкөн.

Куткаруу иштеринин жүрүшүндө алгач 1966-жылы туулган Кытай жараны Я. Ю. урандылардын алдынан аман-эсен чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.

Бирок куткаруу операциясы маалында кайрадан уранды түшүп, анын алдында ӨКМдин беш куткаруучусу калган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында алардын бардыгы аман-эсен чыгарылган.

Урандылардын алдында калган экинчи чет өлкөлүк шахтердун сөөгү кийинчерээк кенчилер тарабынан чыгарылган.

Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда.

Последние новости