www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
11-июлдан 13-июль күндөр аралыгында саат 08:00дөн 08:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирет.
Маалыматка ылайык, турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу болбойт.
Өчүрүү аймагы М.Фрунзе – Аламүдүн дарыясы – темир жол линиясы – Панфилов көчөсү менен чектешет.
"Алдыдагы күз-кыш мезгилине байланыштуу Көк-Жар суу алгычында профилактикалык иштерди жүргүзүү зарыл. Бул иш-чаралар таза суу системасын келерки сезонго даярдоого, шаардын бардык тургундарын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган.
Бул маанилүү иштин жүрүшүндө суу алуучу жай эки күнгө убактылуу иштебейт. Мындай узакка созулган өчүрүүнүн себеби, резервуарларды дезинфекциялоо жана шаардагы суу түтүктөрүндө керектүү иштерди жүргүзүүнү камтыган иштердин чоң көлөмүнө байланыштуу. Бул иш-чаралардын натыйжасында ичүүчү суунун оптималдуу сапаты жана суу менен камсыздоо тутумунун ишенимдүү иштеши камсыз кылынат", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg