www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таласта жашы жете элек жетим кыздын мураска болгон укугу калыбына келтирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Маалым болгондой, 2023-жылдын 23-январында З.К. аттуу жаран “Кадастрдын” кызматкери менен мыйзам талабын бузуп, Ч.О. аттуу жарандын ооруканада оор дарт менен жаткан жеринен пайдаланып, белекке берүү жөнүндөгү келишимге кол койдуруп алышкан.

Арадан 2 күн өтүп, Ч.О. ооруканада каза тапкан. Натыйжада маркумдун батирин З.К.га каттап, ээлеп алышкан.

Прокуратурадан белгилешкендей, муну менен маркумдун жалгыз, жашы жете элек кызы батиринен ажырап калган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында шаардык прокуратуранын келтирген прокурордук актысы менен маркум Ч.О. менен З.К. ортосундагы белекке берүү жөнүндөгү келишим жокко чыгарылып, жооптуу кызматкер тартиптик чарага тартылды.

Ата-энесинен ажыраган жашы жете элек жетим кыздын мураска - батирге болгон укугу толук калыбына келтирилди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости