www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте апта ичинде жол эрежелерин одоно бузган 5 миң 256 эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Алар:

- 28 мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу;

-148 айдоочу унаа каражатын көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашыкча айдагандыгы үчүн;

- 17 айдоочу унаа каражатынын терезелерин мыйзамсыз карангылаткандыгы үчүн;

- 44 айдоочу унаа каражатын айдоочулук күбөлүгү жок башкаргандыгы үчүн;

- 2 миң 569 айдоочу жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн;

- 390 айдоочу унаа каражатын тиешелүү каттоосу жок башкаргандыгы үчүн;

- 498у жөө жүрүүчүнүн жол кыймылынын эрежелерин бузуусу;

- 993у мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуусу.

"Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы жол кыймылынын бардык катышуучуларына эскертет. Эсиңизде болсун, жолдогу жүрүм-турумуңузга өзүңүздүн гана эмес, айланаңыздагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды. Жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдаңыз", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости