www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы 18-ноябрда билдиргендей, каракчылыкка шектүү адам кармалды.
Борбор калаанын тургуну каракчынын курмандыгы болду. Анын айтымында, 17-ноябрь күнү таңкы саат төрт жарымдар чамасында Алтын-Казык конушунда бейтааныш адам ага кол салган. Бычак менен коркутуп, жарандын смартфонун жана 4000 сомун алып, андан соң качып кеткен.
Жабырлануучу милицияга кайрылып, бул факты Жазык кодексинин 202-беренеси («Каракчылык») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Биринчи май РИИБдин №5 шаардык бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүнү Бишкек шаарынан кармашты. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 1992-жылы туулган Д.М. экендиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Милиция кармалган жарандын башка кылмыштарга катыштыгы бар экенин аныктоодо. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg