www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) мурдагы өкүлү Бердибек Асанов коргоо министри Бактыбек Бекболотовду сотко берүүгө ниеттенүүдө.
Буга чейин Бекболотов Коргоо министрлигинин Жамааттык коопсуздук келишими уюмундагы (ЖККУ) өкүл Бердибек Асановду даярдоодо катачылык кеткендиги үчүн кайра чакыртып алганын айткан. Ошондой эле ал министр болуп келери менен Асанов пара сунуштаганын билдирген.
Асанов бул боюнча Sputnik агенттигине комментарий берип жатып өзүнүн ар намысын коргоо үчүн жакынкы күндөрү сотко кайрыларын айтты. Асанов өзүнүн кызматтан чакыртылып алышын мыйзамсыз деп эсептерин билдирди.
"Коопсуздук кеңеши Коргоо министрлигине жашыруун негизде кат жолдогону чын. Бирок ал жаз мезгилинде, мен кызматка дайындала электе болгон. Министрлик кеңешип туруп, мени Москва шаарына жөнөткөн", — деди Асанов.
Ал кезде коргоо министри болуп Таалайбек Өмүралиев иштеп жаткан, ал эми Бекболотов сентябрь айында ведомство башчысы болуп дайындалган.
Коргоо министрлиги Асанов 2009-жылы кылмыш жоопкерчилигине тартылып, Бишкек гарнизондук сотунун чечими менен эки жылга эркинен ажыратылганын айткан. Ал эми Асанов жоопко тартылганын, бирок соттолбогонун айтууда. Бирок ал эмне себептен жоопко тартылганын билдирген жок.
Булак: NazarNews.kg