www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети Чүйдүн Сокулук районундагы Новопавловка айылында жайгашкан 18 гектар жерди трансформациялады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Чечимди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык мекемелерди куруу максатында кабыл алган.

"Новопавловка айыл аймагындагы № 484 контурда жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 18 гектар айдоо жери социалдык мекемелерди куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын)", — деп жазылган документте.

Президент Садыр Жапаров ноябрь айында Новопавловка айыл өкмөтүндөгү Ак-Ордо-3 конушунун жашоочулары менен жолугуп, транспорт, жер, мүрзө маселеси боюнча тиешелүү органдарга тапшырмаларды берген.

Буга чейин министрлер кабинети Бишкек шаарынын чекесиндеги ЖЭБ-2 аймагында жашаган тургундар үчүн 47,7 гектар жерди мыйзамдаштырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости