www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин экс-вице-мэри Рыспек Сарпашов кармалды

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын экс-директору, Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри кармалды С.Р.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын экс-директору С.Р.А. карата ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана ошондй эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Такталгандай, кармалган С.Р.А. 2017-2018-жылдары "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору болуп турган кезде өзүнүн жеке пайдасы үчүн, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен, ишкананын айрым кызматкерлери менен алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, иштебеген жана жетишсиз болгон атайын автотетиктерди (таштанды ташуучу унаалар, самосвалдар, жүк ташуучу унаалар) жана күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгарып салган. Чындыгында унааларга бөлүнгөн тетиктер жана күйүүчү-майлоочу майлар сатылып, түшкөн каражаттар өздөрүнө бөлүнгөн.

Аталган кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы тарабынан соттук-бухгалтердик экспертиза дайындалып, корутундусуна ылайык, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Тазалык» МИнин бюджетине 5 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилген.

Белгилей кетүүчү нерсе, мындай аракеттердин натыйжасында атайын техниканын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын жетишсиздиги болгондугу, таштанды чыгарууга жооптуу тиешелүү муниципалдык кызматтардын туура эмес иштешине түрткү болгон. Жарандар таштандылардын көп топтолуп, өз убагында чыгарылбай жаткандыгы боюнча бир нече жолу арызданышкан.

Учурда С.Р.А. кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Иштин бардык жагдайларын жана бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка жооптуу адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кармалган адам Сарпашов Рыспек Анакович экени белгилүү болду.

Ал 2010-2012-жылдары “Тазалык” ишканасынын жетекчиси болгон, 2014-2018-жылдары ушул эле кызматты аркалаган. 2018-2019-жылдары Бишкектин вице-мэри, 2019-жылдын октябрынан 2021-жылдын сентябрына чейин Сарпашов кайрадан «Тазалык» ишканасынын директору болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости