www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги "Төкөлдөш" конушунун айрым жашоочулары бүгүн эртең менен жарыксыз калды. Маалыматты "Түндүк электр" ишканасы тастыктады.

Буга нааразы болгон шаардыктар Sputnik Кыргызстан редакциясына кайрылышкан. Алар электр энергиясы үчүн акыны кечиктирбестен төлөгөнүн, жарык компаниянын өзүнүн катачылыгынан улам өчүрүлгөнүн белгилешти.

"Жарык өчкөндө мен ишканага чалдым. Алар өткөн айда пайдаланган электр энергиясы үчүн туура эмес эсеп жүргүзгөнүн айтышты. Система 0,77 сомдон эсептелген 700 киловатт-сааттын ордуна 900 киловатт-саатты эсептеп салган имиш. Мындан улам бизди карыз деп санап, жарыкты эскертүүсүз өчүрүп коюшту. Бул "Түндүк электрдин" катасы. Үйдө жаш балдар бар, мындай кылган туура эмес", — деди Балтийская көчөсүнүн жашоочусу.

Анын айтымында, электр жарыгы 215 сомго "карыз" болуп калгандан кийин өчүрүлгөн.

"Бул опузалап акча талап кылгандай эле болуп жатат. Биз акча төлөгөнгө аргасыз болдук. Квитанция беришкен жок. Ошондо "Түндүк электр" алган акча менен кантип эсептешет? Компаниянын жообун күтөбүз", — дешти Төкөлдөштүн жашоочулары.

"Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы системадан кеткен мүчүлүштүктүн себебин аныктап жатканын билдирди.

Буга чейин ишкана электр энергиясын колдонууда кубаттуулукка чектөө киргизген. Анда бир фазалуу колдонуучуларга 5 киловаттык, ал эми үч фазалууларга 10 киловаттык чектөө коюлган. "Түндүк электр" Бишкектеги, Чүйдөгү жана Таластагы абоненттерди тейлейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости