www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Валентина Шевченко:

UFC чемпиону Валентина Шевченко жеке жашоосу тууралуу берилген суроого жооп берди.

Кыргызстандык мушкер учурда Бишкек шаарында маалымат жыйын өткөрүүдө.

Журналист андан "буга чейин 40 жашта деле турмушка чыкса болорун айткансыз, дагы деле ошондой позицияны карманасызбы, үй-бүлө куруп, балалуу болууну качанкыга пландадыңыз?" деп сураган.

"Жеке жашоо бул ар бир адамдан көз каранды. Максат коюш керек. Эгер кыздар 21 жашында турмушка чыгууну максат койсо ал өзүнүн чечими. Ал эми 40 жаш эле эмес, 60 жашта деле турмушка чыкса болот деп айтат элем", — деди Шевченко.

Ошондой эле ал карьерасын мындан ары да токтоосуз уланта берерин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости