www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин айрым аймактарында 21-июлда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
Бул тууралуу «Бишкексууканал» ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, суу саат 09:00дөн 18:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге берилбейт.
Суу өчүрүлө турган аймак: Маевка айылы: Скворцов көчөсү – Шаттык көчөсү – Чүй-39 көчөсү – Түлөбердиев көчөсү – Жапаров көчөсү – Жаңылык көчөсү.
Убактылуу чектөө Өмүр Булагы Елена суу топтомосундагы оңдоп-түзөө жана алдын алуу иштерине байланыштуу киргизилет.
«Бишкексууканал» ишканасы тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырды.
Компания келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.