www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россиянын Москва облусунун Электросталь шаарындагы Wildberries компаниясынын кампасында чыккан өрт боюнча маалымат берди.
Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери окуя болгон жерге барып, кампада иштеген кыргызстандык жарандар менен жолугушту.
Учурда өрттөн жабыркаган Кыргызстандын жарандары бар же жок экендиги такталууда. Ошондой эле зарыл болгон учурда жарандарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп жатат.
Маалыматка караганда, өрт толук өчүрүлө элек, кампа аймагы курчоого алынган. Окуя болгон жерде Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, өрт өчүрүү-куткаруу кызматтары жана тиешелүү органдар иш алып барууда.
Россиялык ЖМКлардын маалыматына ылайык, өрт учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулунан кийин чыккан болушу мүмкүн. Кырсыктын расмий себептери Россиянын тиешелүү органдары тарабынан аныкталууда.
ТИМ кырдаалды көзөмөлдөп, элчилик менен биргеликте иш алып барууда. Жаңы маалыматтар түшкөн учурда кошумча маалымат берилет.