www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын дрондорунун Wildberries кампаларына жасаган чабуулунан бир кыргызстандык жабыркады. Маалыматты ТИМ таратты.
Жаракат алган 21 жаштагы жигит ооруканага жаткырылган. Маалыматта жарааты жеңил, абалы канааттандырарлык дешти. Буга чейин элчиликке түнкү нөөмөттө иштеген 21 жаштагы кыз тууралуу маалымат түшкөн. Ал кийинчерээк туугандары менен байланышып, жумуштан эрте кеткенин жана телефону өчүп калганын билдирген.
Элчиликке эвакуацияланууга жетишкен, бирок документтери жоголгон эки кыргызстандык кайрылган. Каза болгондордун жана жабыркагандардын айрымдарынын документтери өрттөнүп кеткендиктен, алардын кайсы өлкөнүн жараны экени такталып жатканы белгиленди. Учурда көз жумгандардын арасында кыргызстандыктар жок.
Соңку маалыматтарда аталган кампадпгы өрттөн жаракат алгандардын саны 61ге жеткени айтылды. Алардын тогузунун абалы оор дешти. Бир адам көз жумган.