www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин мектептеринде балдардын саны нормадан эки эсе көп болуп жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна борбор калаанын Билим берүү башкармалыгынын өкүлү Чынара Исакова билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте жыл сайын окуучулардын саны он миңдеп көбөйүп жатат:
- 2015-жылы 127 миң бала болчу, 2016-жылы 137 миң, 2017-жылы 147 миң окуучу катталган. Быйыл 155 миң бала окуйт деп эсептелди. Жыл сайын Бишкекте экиден мектеп курулуп, пайдаланууга берилип жатат. Бирок борбор калаадагы мамлекеттик 97 мектептин долбоордук кубаттуулугу 76 жарым миң балага ылайыкташкан. Азыр окуучулардын саны эки эсе көп.
Ал эми жалпы республика боюнча орто мектептердин саны 2,5 миңдин тегерегинде. Аларда окуп жаткан балдардын саны 1,5 миллионго чамалады.
Булак: NazarNews.kg