www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Биринчи май райондук соту пара алган деп шектелип кармалган Бишкектин мурдагы вице-мэри Азамат Сагындык уулуна 260 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Ошол кездеги Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 2021-жылы 24-июлда кармаган.
Анда мурда алынган параны кайтарып берүү учурунда кармалган мэрия кызматкери Сагындык уулуна каршы көрсөтмө бергени айтылган. Биринчи май райондук соту ал кыздын ишин 4-февралда карап, ага 220 миң сом айып пул салган.
УКМК 2021-жылы 23-июлда мурда алынган паранын 6 миң долларын кайтарып жаткан учурда мэриянын кызматкерин кармаган.
Тергөөнүн маалыматы боюнча кармалгандар Азамат Сагындык уулу менен сүйлөшүп алып, Кытай грантынын эсебинен оңдолуп жаткан Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүнүн боюндагы кафени сактап калуу үчүн, реконструкциялоо долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизебиз деп анын ээсинен тогуз миң доллар пара алышкан.
Азамат Сагындык уулу Бишкектин жер, курулуш жана архитектура саясаты боюнча вице-мэри болуп 2020-жылы декабрда дайындалган. Аны бул кызматка ошол кезде Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып турган Балбак Түлөбаев дайындаган.
Булак: NazarNews.kg