www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Экономикалык өнүгүү болмоюн, саясий туруктуулук, геосаясий коопсуздук болбойт, ошон үчүн казинолорду ачышыбыз керек», - деди бүгүн, 31-мартта, NazarNews маалымат агенттигине активист Мавлян Аскарбеков.

- Мавлян мырза, коомчулукта казинолор ачылып, ишке кирсин дегенден да иштебесин деген коомдук пикир көбүрөөк болуп жатат. Сиз башкалардай айырмаланып, казинолор иштесин деп атасыз го?

- Убагында коомчулук мал идентификациясын күлкүгө алган эле. «Койго да паспорт» береби деп. Турмуш чындыгында бул нерсе зарылчылык болуп чыкты го. Анысыкандай казино иштетүү да зарылчылыктардын бири болот. Анткени, казино иштесе, акча түшөт. Бир канча адам жумуш менен камсыз болот. Убагында Бишкекте эле 50дөн ашуун түркүн казинолор иштеп турган. Орто эсеп менен эле бир казинодо 100 киши иштеп, аткарган кызматына жараша айлык алган, соцфонду төлөнгөн. Ошондой эле казинолор иштегенде такси, кафе, отель, банктар, акча алмаштыруу жайлар, магазин, базарларлардын иши жакшы жүргөн. Ошон үчүн иштетиш керек.

- Бирок, казинолор иштесе эл жабыр тартат, балдары карызга батып, ата-эне кыйналат дегендер чыгып жатат го?

- Макул эл жабыр тартат дейли.  Бирок, миллиондон ашык жарандарыбыз Россияда иштөөгө аргасыз болуп жатканын эске алалы. Ошондой эле канчалаган жаштар Россияда бузулуп, көчөдө калып, сабалып, өлүп жатканын да эстен чыгарбайлы. Россияга иш издеп кеткен мекендештерибиздин  үй-бүлөсү бузулуп, балдар жетим калып, жылдап ата- энесин көрбөй мээримге зар болуп өсүп жаткан  наристелерди да эстейли. Казинолор иштеп, мамлекетке каражат түшсө, жумуш орундары ачылып, эмгек мигрант болуп кеткен жарандарыбыз азаймак. Балдар ата-эне мээримин жетиштүү алмак. 

- Казино кирешелүү тармак болсо, эмнеге иштеп аткан казинолор жабылып калган?

- Кыргызстандагы казинолор жөн эле жабылып калган эмес. Геоэкономикалык согуш деген бар. Бизди кубаттуу өлкө болуп кетпесин деген мамлекеттер казинону жаптырыш үчүн учурунда биздин эле журналисттерге, саясатчы, активисттерге  миллиондогон долларларды төлөп, жаздырып, маселе көтөртүшкөн. Терс коомдук пикир жаралганда бийлик жаптырууга аргасыз болгон.

Азыр дүйнө өзгөрүүдө, согуш жүрүүдө. Бизде болсо эмоция, динге аралаштыруу, коркутуу, үркүтүү күчөдү. Экономикалык өнүгүү болмоюн, саясий туруктуулук, геосаясий коопсуздук болбойт. Ооба, 30 жыл ичинде болгон завод, фабрикаларды иштетип, модернизациялап, кен байлыктарды өзүбүз өндүрүп, бай, күчтүү, туруктуу, өнүккөн мамлекет курсак болмок. Анте алган жокпуз. Бирок, опурталдуу кезеңде ал эле, бул эле дегенге, коррупцияга, эмоцияга убакыт жок, тез реформаны баштап, өнүгүүгө, мамлекетибизди бекемдөөгө багытталган аракеттерди көрүү зарыл.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости