www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Султан Раев жаңы кызматка дайындалды

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Султан Раев Түрк маданиятынын эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун баш катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият жана маалымат министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, бул тууралуу 2022-жылдын 31-мартындагы Түркиянын Бурса шаарында өткөн ТҮРКСОЙ уюумунун кезексиз жыйынында белгилүү болду. Султан Раевдин талапкерлиги ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин чечими менен бекиди.

Буга чейин бул кызматты Казак Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Казакстандын мурдагы маданият министри Дүйсен Касеинов аркалап келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости