www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин ооруканаларында жаткан бейтаптарга баруу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай буйрукка Саламаттык сактоо боюнча башкармалык 17-мартта коронавирус инфекциясынын таралышын алдын алуу максатында кол койду.

Мындан улам ооруканада жаткандар арасында маалымдоо жана түшүндүрүү иштерин борбордун медициналык уюмдарынын башкы дарыгерлери жүргүзүп жатат. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору Бишкектеги бардык саламаттык сактоо уюмдары үчүн нускамаларды даярдамакчы.

Шаардык бийлик коронавирус кооптуулугунан улам калаа тургундарын эл көп чогулган жайларга — куран окутууларга, тойлорго, салтанаттарга барбай туруу керектигин эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости