www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Аравиясынан келген 70ке жакын ажылар 13-мартта Бишкектен Ошко учуп кетишкен. Бул тууралуу жүргүнчүлөрдүн бири жергиликтүү басылмалардын бирине билдирди.

Анын айтымында, ошол эле күнү саат 08:00дө TEZ 105 рейси Бишкектен Ошко учкан.

“Мүмкүн бул маалымат силерге жардам берет. Себеби, азыр кээ бир ажыларды таба албай жана текшере албай жатышканын айтылууда. 13-мартта 70 адам Ошко учуп келген деп айта алам. Беш күн өттү. Өзүмдү жакшы сезип жатам”,-деп айткан жүргүнчү.

Ал ооруну алдын алуу үчүн коронавирус боюнча Республикалык штабка кайрылганын, бирок алардын номери өчүк экенин кошумчалады.

Эске сала кетсек, бүгүн, 18-мартта Кыргызстанда үч адамдан коронавирус аныкталганын Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев брифинг учурунда билдирген. Ооругандар Сауд арабиясына кичи ажылыкка барып келгендер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости