www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Исфара шаарынын тургуну Комилжон Юлдошев Бишкектин өтүнүчү менен Москвадан кармалды. Бул тууралуу “Озоди” радиосуна Юлдошевдин туугандары кабарлады.

Кармалган жарандын тууганы Осимжон Юлдошевдин айтымында, 29 жаштагы Комилжон 16-ноябрда Москванын “Домодедово” аэропортуна учуп келгенде кармалган.

“Ага Кыргызстандын өтүнүчү менен издөө жарыяланганын айтышкан. Комилжон ушул убакка чейин аэрпортто турат. Бүгүн ага прокурор келип, бөгөт чарасын аныкташы керек,” – деди Осимжон Юлдошев.

Тажикстандын жана Орусиянын бийлик өкүлдөрү Комилжондун кармалышы боюнча комментарий бере элек.

Комилжон Юлдошев Кыргызстанга чектешкен Тажикстандын Сурх айылында төрөлүп өскөн. Туугандарынын маалыматына караганда, Кыргызстан Юлдошевди чек арада орун алган коогалаңга катышкандыгы үчүн айыптоодо. Бишкек бул тууралуу түшүндүрмө бере элек.

Ушул айдын башында Орусияда Кыргызстандын өтүнүчүнүн негизинде кармалган тажик жана орус жараны Диловар Жураев камактан бошотулду.

Расмий Дүйшөмбүнүн оор беренелер менен издөөгө алынды деген өтүнүчү менен Орусияда кармалган кыргыз жараны Эсенбай Мажитов быйыл июлда үй камагына чыккан.

Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) курман болгон, 180ден ашуун адам жаракат алган. Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.

Тажикстандан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

Кыргыз-тажик чек арасы 970 километрге созулуп, анын 519 чакырымы гана аныкталып, такталган. Талаштуу тилкелердин көбү Баткен менен Согд облустарынын аймагында орун алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости