www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаанын ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери шайлоо өнөктүгү учурунда административдик ресурс колдонулганын аныкташты.

18-ноябрда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Биринчи май районундагы эки Муниципалдык аймактык башкаруунун кварталдык комитеттеринин төрагалары А.Т. жана Т.Н. саясий партияларга добуш берүү үчүн мыйзамсыз үгүт жүргүзгөн. Алар милиция бөлүмүнө жеткирилип, күнөөсүн мойнуна алышкан.

Аталган факты Жоруктар кодексинин 87-1 (Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу) беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости