www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин төрт районунун тургундары Париждеги Олимпиадага катышып жаткан кыргызстандык спортчулардын таймаштарын түз эфирде чоң экрандан көрө алат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Мэрия спорт күйөрмандары үчүн борбор калаадагы ар бир райондо атайын аянтчалар уюштурулуп, LED экрандар орнотулганын билдирди.

Свердлов районундагы түз эфир:

Саат 22:00го чейин «Дордой Плаза» соода борборунда, 22:00дөн кийин Чыгыш-5 кичирайонунун Арбат гүлбагында;

Октябрь району:

Ынтымак-2 сейил багынын амфитеатрында;

Ленин району:

«Азия Молл» соода борборунда;

Аталган үч райондо түз эфирлер 5нен 11-августка чейин көрсөтүлөт.

Биринчи май району:

Т. Усубалиев атындагы аянтта (эски аянт) LED экран 6-августта орнотулат. Түз эфир күн сайын саат 21:00дөн 01:00гө чейин көрсөтүлөт.

Последние новости