www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Старый Толчок” – “Евразия” базары мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, атайын кызмат коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүүнүн алкагында “Старый Толчок” – “Евразия” базарынын мүлк комплексин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады.

Убагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин балансында турган жалпы аянты 2,2 гектар жер «Шар-Чебер» жеке кооперативине мыйзамсыз өтүп, андан ары менчиктештирилип кеткен.

Аныкталгандай, “Шар-Чебер” жеке кооперативи Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин айрым кызматкерлери менен бирдикте болгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында “Евразия” базарынын (“Эл Гранд” ЖЧКсы) жалпы аянты 1,14 гектар жер тилкеси жана жалпы аянты 3 миң чарчы метрден ашык соода жайлары мамлекеттин балансына кайтарылды.

УКМКдан кошумчалашкандай, жерлер, имараттар жана курулуштарды мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоону, ошондой эле аларды мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантып жатат.

Последние новости