www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-февралда борбор калаанын тургуну милицияга кайрылган. Анын айтымында, ал 5 млн 154 миң 600 сомдук алтын буюмдарын сатууга берип, бирок алданып калган.

Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча катталып, шектүү катары 1987-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Иликтөө иштери уланууда.

Последние новости