www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин үч кичи районунда жарык өчтү. Себеби

Бишкектин 8, 9 жана 10-кичи райондорунда авариядан улам электр жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.

Компаниянын маалымат кызматынын жетекчиси Мээрим Жусупованын айтымында, "Абдыкалыков" подстанциясындагы жогорку вольттуу кабелдик линиядагы бузулуу аварияга алып келген.

Учурда "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери калыбына келтирүү иштерин аткарып жатат. Абоненттер электр энергиясынын башка булагына туташтырылат. Ишкана жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости