www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Азыркы электр энергиясын 5 кВт/саатка чейин гана колдонуу боюнча киргизилип жаткан чектөөлөр үнөмдөөгө канчалык таасири болот?

- 5 кВт/саатты акчалай эсептей келсек, 7000 сомго чукул сумма чыгат экен. Менимче, элдин басымдуу бөлүгү мынчалык жакпайт. Бул электр энергиясын көп колдонгон хансарайларга тийешелүү. Ошентсе дагы бул анчалык чоң натыйжа алып келбейт.

Биздикилер убакыттан уттурушту. Себеби, электр энергиясын импорттоону былтыр, сууну үнөмдөөнү мурдагы жылдан башташ керек эле. Токтогул суу сактагычы көп жылдык суу сактагыч, ал сезон учурунда толуп, кайра ошол эле жылы түбүнө түшүп кала тургандай Тажикстандагы Нурек ГЭСи эмес.

Ага 20 млрд/кубдун тегерегиндеги сууну батырып, суу аз болобу, көп болобу, же кургакчылык каптайбы – сууну топтоп койсо, көп жылдар бою үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кала алат. Өлкөнүн коопсуздугун сактай турган станция.

Тилекке каршы, сууну экспортко эки эсе арзан сатып жиберишкендиктен ушул кырдаал жаралып турат.

Мындан тышкары, сууну көп сарптаган миңдеген майнинг фермалар дагы ал жакка кирип кетишкен, мурдагы бийлик, өкмөт ушуга жол беришкен. Мурдагы жылдардан баштап эле сууну үнөмдөө үчүн жылуулук станцияны көбүрөөк жагыш керек болчу.

Өкмөт эки жыл мурун суунун көлөмүн түшүрүп жиберишкен, эми кесепети тийип жатат. Бул бүгүн эле чыга калган көйгөй эмес, 2019-жылы башталган. Учурунда эксперттер коңгуроо какканбыз, эч ким кулак салган эмес. Быйылтан тартып эле чара көрүлө баштады.

Ошондо дагы президент кошуна мамлекеттерге өзү барып, электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүп келди. Чындыгында энергетиктер, өкмөт аракет кылыш керек эле. Кыргызстан 90% жарыкты Токтогул суу сактагычынан алат да.

- Эсептегичтерге чектөө коюудан башка дагы кандай жолдорго барыш керек, «жарык өчпөйт» деген?

- Тилекке каршы, башка жолу жок. «Өчүрбөйбүз» деп жатышат, бирок өчүрүшөт. Өчүргөндө дагы массалык түрдө өчүрүшөт. Парламенттик шайлоодон кийин катуу өчүрүүлөр башталат деп ойлойм. Өлкө боюнча суткасына 60 миллион кВт/саат, айына 1 миллиард 800 миллион саат коротуп жатабыз.

«Өчүрбөйбүз» десе, өкмөт элди 5 айга 9 млрд. кВт/саат электр энергиясы менен камсыз кылыш керек экен. Муну кайсы жактан алса болот? Энергияны импорттоп, жылуулук станцияны көп жагып, башка ГЭСтердеги сууларды иштетсек деле кризистен чыга албайбыз.

1-апрелге карата станциянын ишин токтотуп албаш үчүн өлкөнүн 23-25 пайызын өчүрүш керек болот. Беш айдын ичинде туруктуу өчүрүү талап кылынат. Муну эл түшүнүү менен кабыл алышы керек.

Булар президентке, элге «бүт бардыгы көзөмөлдө, баары жакшы болот» деп отуруп, убакыттан уттурушту. Элди алдабаш керек, тескерисинче, «свет өчөт, суу жок» деп ачыгын айтышса, эл алдын ала кышка кам көрөт. Отунун жылдагыдан көп камдайт. Өчүрүүлөрдү болсо жаз, жай, күз мезгилинде башташ керек эле.

- Майнинг фермалар качан сууну эркин колдонуп башташкан?

- Майнинг фермалардын ГЭСке киргенине жаңылбасам үч жылдай болду. «Бир дагы электр станцияларын курбай туруп майнинг фермаларга кубаттуулукту таратып жатасыңар, алдын ала ойлонбойсуңарбы» деп дагы айтканбыз.

Энергетика тармагындары дээрлик бардык эксперттер азыркы кризисти 3-4 жылдан бери эле какшап айтып келе жатабыз. Майнинг фермаларга сууну колдонууга уруксат болжолу менен үч жыл мурун «Датка-Кемин» ишке киргенде берилген. Албетте, бериш керек, бирок кубаттуулукту эсептеш керек да, артып турса бергенге эч ким каршы эмес.

Булак: Азия News гезити

Последние новости